www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын көк бөрү боюнча командасына алар айткандай эч кандай шарт коюлган эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов Sport АКИpress басылмасына берген маегинде билдирди.

Буга чейин Казакстандын көкпар боюнча федерациясынын президенти Ерлен Оспанов казак көк бөрүчүлөрүнүн Көчмөндөр оюндарындагы биринчи мелдешке чыкпай коюшканын түшүндүрүү учурунда «Кыргызстан бизге аттарды камсыздап берди, бирок биздин курама командада алардын адамдары ойношу керек деген шарт коюшту» деп билдирген болчу.

Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматовдун комментарийи:

- Кыргызстан Казакстандын курамасы командасына кандайдыр бир өзгөчө шарт койду беле?

- Бул 100% чындыкка дал келбейт. Мындай болгон эмес. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык эреже менен өтүп жатат. Бул эрежелерге ылайык командалардын курамында ошол өлкөнүн гана жарандары чыгышы керек. Дал ушул себептен улам Кытайдын командасы мелдешке чыкпай калды. Башка бир дагы командада Кыргызстандын жарандары жок. Красноярс аймагынын жана Башкириянын командасында кыргызстандыктар ойноп жатышат. Бирок алар Россияда жашашат жана Россиянын жарандыгын алышкан.

- Ерлен Оспанов Көчмөндөр оюндары эл аралык эрежелер боюнча өтпөй жаткандыгын айтты. Сиз болсо эл аралык эрежелер боюнча өтүп жаткандыгын айтып жатасыз. Кимиңиздердики чын?

- 2016-жылы Түрк элдеринин салттуу спорттук оюндарынын ассоциациясы түзүлгөн. Ал жакка өзүнүн эрежелери менен көкпар да кирген. Биздин кошуналар ошол ассоциацияда кабыл алынган эрежелер эл аралык эреже деп эсептеп жатышат окшойт. Бирок андай эмес.

2002-жылы Ташкентте көк бөрү боюнча эл аралык федерация түзүлгөн. Бул жолугушууга Казакстан да катышкан. Көчмөндөр оюндары ошол эл аралык федерацияда кабыл алынган эрежелер менен өтүп жатат.

- Эмне үчүн Красноярск аймагынын командасына каршы оюнга чыкпай койгондугун үчүн Казакстандын командасына техникалык жеңилүү эсептелген жок?

- Бул мелдешке катышып жаткан бардык мамлекеттердин өкүлдөрүнөн куралган атайын калыстардын комиссиясынын чечими. Алар ушундай чечим чыгарышты. Эсиңиздерде болсо керек 2017-жылы биздин команда Астанда өткөн көкпар боюнча дүйнө чемпионатында биринчи оюнга чыккан эмес. Анда алар бизге да техникалык жеңилүү жазган эмес. Оюнду кайра ойногонго мүмкүнчүлүк беришкен.

Окуя тууралуу:

3-сентябрда Казакстандын көк бөрү боюнча командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы тайпалык этаптын 1-турундагы оюнга чыкпагандыгы белгилүү болгон.

Ал эми казакстандыктардын командасы саат 12:30гө белгиленген 1-турда Красноярсктан келген команда менен беттешмек. Бирок алар оюн талаасына чыгышкан жок. Буга чейин Казакстандын көк бөрүчүлөрү толугу менен Чолпон-Атага келгени маалымдалган болчу.

Казакстандыктардын дооматы:

Кыргызстан бизге аттарды камсыздап берди, бирок биздин курама командада алардын адамдары ойношу керек деген шарт коюшту. Бул тууралуу Казакстандын көкпар боюнча федерациясынын президенти Ерлен Оспанов казак көк бөрүчүлөрүнүн Көчмөндөр оюндарындагы биринчи мелдешке чыкпай коюшканын түшүндүрүп жатып билдирген.

Казакстандык көк бөрү боюнча команда 3-сентябрда Красноярск аймагынын командасына каршы ойношу керек болчу.

«Кыргызстан бизге аттарды камсыздап берди, бирок биздин курама командада алардын адамдары ойношу керек деген шарт коюшту. Биз буга макул болгон жокпуз», - деген болчу Оспанов informburo.kz сайтына берген комментарийинде.

«Эгер Красноярск аймагынын, Башкириянын командасына карасак, алардын мүчөлөрү Россияда жашаган кыргыздар. Мындан улам Кыргызстандын чыныгы курама командасын айырмалоо оор. Биз тандоодон өтүп жаткан учурда башка командаларда кыргыздар ойнобошу керек деп катуу айтышкан. Биз буга макул болгонбуз. Жыйынтыгында эмне болгонун караңыздар», - деген ал.

«Эл аралык стандарт боюнча дарбазасы ортодо жайгашкан тайказан менен ойноо өтө кооптуу. Биз бул эреже менен 15 жыл ойноп келдик. Бирок жакында башка эреже боюнча оюнга өтүүнү чечкенбиз. Бардыгы буга макул болуп, кыргыздар гана макул болгон жок.

Аттар боюнча, бизде өтө көп мелдештер болот. Аттар эс алышы керек. Аларды Кыргызстандан ижарага алуу чечими кабыл алынган болчу», - деп айткан Оспанов.

Ал буга катар эле Казакстандын көк бөрүчүлөрү Көчмөндөр оюндарындагы мелдешке чыга турганын билдирди.

«Азыр уюштуруучулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргыз тарап кечирим сурап, пландалган оюнду башка күнгө жылдырууну убадалап жатат», - деди ал.

Андан кийин:

Sport АКИpress басылмасына өздүк булактары Казакстандын көк бөрү боюнча курама командасы Ысык-Көлдө өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы мелдешке катыша тургандыгын кабарлаган.

«Казакстандын курамасы оюнга чыгат. Красноярск аймагынын командасына каршы оюн кайра уюштурулат. Техникалык жеңилүү болбойт», - деди алар.

Казакстандыктар бүгүн, 5-сентябрда АКШнын командасына каршы ойнойт.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости