www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Касым-Жомарт Токаев үч күн мурда Нурсултан Назарбаевдин ордуна Коопсуздук кеңештин башчысы болду. Ага чейин биринчи президент бул кызматты өмүр бою башкаруу укугуна ээ болчу.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Азамат Абдымомуновду иштен алды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Абдымомунов аталган кызматта 2014-жылдан бери иштеп келе жаткан. Мурда президенттин администрациясында анализдөө жана стратегиялык чечимдерди иштеп чыгуу бөлүмүн жетектеген. Билим берүү жана илим боюнча вице-министр болгон.

Касым-Жомарт Токаев үч күн мурда, тагыраагы, 2022-жылдын 5-январында Казакстанда митинг апогейине жетип, башаламандык күчөгөндөн тарта Коопсуздук кеңештин башчысы болду. Ага чейин бул орунду өмүр бою башкаруу укугу менен Нурсултан Назарбаев ээлеп турган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости