www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыдагы тополоңдо 4 жашар кыз каза болду. Бул тууралуу Orda.kz жазып чыкты.

Айдос Мелдихан аттуу жарандын 4 жаштагы кызы Коркемай 6-январь күнү кечинде иниси менен унаада бара жатып каза болгон. Анын айтымында, окуя алар азык-түлүк алууга барып, аянттын жанынан өтүп бара жатканда болгон. Унаанын ичинде агасынын дагы эки баласы болгон. Алар дагы жаракат алып, 9-класстын окуучусу реанимацияда жатканы белгилүү болду. Ал эми 4 жашаар Коркемайдын башына ок тийген, дейт атасы. Ал белгилегендей, иниси жарадар болгон унаа менен балдарды ооруканага алып кеткен.

Эске сала кетсек, 2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып жатат. Башаламандык менен коштолгон бул акцияларда ондогон адам каза тапты. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган. Бийлик "контртеррористтик операция" жүргүзүүдө.

Учурда Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары Казакстан аймагы аркылуу башка мамлекеттерге транзиттик каттоосуна убактылуу тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости