www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн, 6-июлда туулган күнүн белгилеп жатат. Ал 79 жашка толгонун «Tengrinews.kz» жазды.

Нурсултан Назарбаев 1940-жылы 6-июлда Алмата облусундагы Карасай районунун Шамалган айылында жарыкка келген. Ал Казакстанды 1990-жылдан тарта башкарып келе жаткан. Ал эми 2015-жылы 5-мөөнөткө кайрадан шайланган.

Казакстанда биринчи президентинин күнү 2012-жылдан бери 1-декабрда белгиленип келет. 1991-жылы 10-декабрда Казакстан Республикасынын 12-чакырылыштагы Жогорку Советинин жыйынында өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев өзүнүн инаугурациялык сөзү менен чыккан.

2015-жылдын 26-апрелинде кезексиз президенттик шайлоо өтүп, анда Нурсултан Назарбаев 97,7% добуш менен кайрадан президент болуп шайланган.

Нурсултан Назарбаев постсоветтик өлкөлөрдүн лидерлеринин арасынан бийликтин башында турган рекордсмендердин бири — 1989-1991-жылдары Казакстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин катчысы, 1990-91-жылдары Казак ССРнин президенти, 1991-жылдын 10-декабрынан тарта көз карандысыз Казакстандын президенти болгон.

Нурсултан Назарбаев 19-мартта казак элине кайрылуу жасаган. Анын алкагында отставкасы тууралуу жарыялаган.

"Казакстандыктар, бардыгын сиздер менен бирге жасадык. Бардык шайлоолордо мени колдодуңуздар. Ушундай мамлекеттин президенти болуу — бакыт. Сиздерге чынчылдык жана ишеним менен кызмат кылдым", - деген Нурсултан Назарбаев.

10-июнда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы кезексиз президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялаган. Анда Касым-Жомарт Токаев 70,96% добуш топтогону айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости