www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын эң бай адамдарынын бири, түшүнүктүү тил менен айтканда олигарх, мурдагы депутат Нарынбек Молдобаев деген неме кечээ жакында кайсы бир басылмага маек берип:

«Мурунку жана азыркы бийликтин өзүм билемдигинин айынан эгемендүүлүктөн айрылып калбасак болду. Андай жагдай орун алса, ага эл эмес, бийлик күнөөлүү болот. Эгерде азыр чыр чыгып кетсе, жеке эле бизнесмендер, жөнөкөй эл эле кыйналбастан, биз эгемендиктен айрылып калабыз. Эки кишинин амбициясы үчүн азыр Кыргызстандын экономикасы, биримдиги жана эгемендүүлүгү коркунучта турат»деп боорду эзиптир, деп жазат "Де - Факто" гезити.

Молдобаев мырзага көрүнбөй жатса айта кетели, азыркы бийлик эч кандай өзүм билемдик кылбастан, мыйзамдуу жол менен келе жатат. Коррупциялык иштерге тиешеси барлар камакка алынып жатат. Алардын арасында Алмазбек Атамбаев өзгөчө беле, же Кудайдын мурдунан түштү беле?

Колу менен кылганды башы менен тартсын. Атамбаевге кошомат кылгысы келсе Кой-Ташка барып, короосун шыпырып бербейби! Кезинде Алмазбек Атамбаевге бир ооз каяша айта албай куйругун кыпчып олтурган Молдобаев бүгүн эмне сын айтып калган?

Же кызмат үмүтөтүп атабы? Саясаттан «крит» кеткенден кийин жөн эле жата бербейби десең. Ал киши маек берсе эле коом өзгөрүп кетеби?, - дейт "Де - Факто".

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости