www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер, Урматбек Барктабасов, "Эл алданып турат көп нерсеге ишенбей" деп, коомчулукка ачуу пикирин «фейзбук» баракчасы аркылуу жар салган.

2005-жылы март ыкылабынан кийин Акаев чабуул коюп бийликтин жүрөк үшүн алып койгон Урмат Барктабасов эсиңизде болсо керек. Учурда бул киши саясаттан оолак, бирок, кайсыл окуя боюнча болбосуно өз пикирин социалдык тармактарга байма-бай жарыялап келет, деп жазат "Де - Факто" гезити.

«Урматтуу мекендештер! Калыгул ата айткан экен: «бирдиги кеткен эл жаман» деп. Мен деле Кыргызым деп күйгөн адамдын биримин, силерге окшоп. Айтаар сөзүм бар эле силерге. «Фейсбукта», көчөдө, айылда, кухняда, тойдо ж.б. жерлерде эл эки жаат болуп бөлүнүп турат. Бири АШАны, бири СШЖны колдоп түндүк-түштүк болуп бөлүнүп, бүгүн элдин бир бөлүгү, чогулуп алып СШЖ каршы пикир айтам деп отурат. Мен да бийликтин кээбир жасаган ишине макул эмесмин, бирок ал үчүн сөзсүз төңкөрүш жасаган туура эмес деп ойлойм. Эмне үчүн?

Бизде көп төңкөрүш болду, экөө күч менен болду. Натыйжа болбоду. Мен өзүм күбө болдум, силер дагы, төңкөрүштө эч ким утпайт.

Эл качан утат?

Туура тандоо жасаганда, ынтымактуу болгондо. Кыргыз элин түндүк - түштүккө бөлүп өз максатына жетем деген ой туура эмес. Кыргыз элин бөлгөнгө мүмкүн эмес, тамырлашып, кандашып калганбыз. Калыгул атабыз айткан эле, «элди бөлгөн адам кыргыздын душманы, ага тек кана атуу керек» деп, президенттерди өзүңөр шайлагансыңар. Ката издесек өзүбүздөн издейли. Мен айтаарым араң турган экономика ансыз деле араң жан. Эптеп кыбырап аткан эл азапка кабылат. Сирия дагы ушундай бийлик таалашуудан эле чыр чыгып, эли талаалап калды. Кыргыз эле кепке кулак салган.

Кебим ушул, бөлүнбөй, ызы - чуу болбой, мыйзам менен маселерибизди чечели. Күнөөлү адам болсо мыйзам менен гана жооп берсин. Кайта көчөгө чыгып 2005-2010-жылдагы окуяларды кайталайм деген туура эмес деп эсептейм. АША максаты бийликти тартып алуу, абийрин жаап салуу. Эл алданып отурат, көп нерсеге түшүөнбөй. АШАны мен жакшы билем. Мамлекет АШАнын менчиги эмес алып кайта бергендей. Элдин эсебинен өмүр боюу күн көрөм дегени туура эмес. Чапкан сайын көз чыкпайт. Мен ар кайсыны айтып АШАнын же башкалардын деңгээлине түшпөйм. Бир эле сөз айтам, жасап жатканы мыйзамсыз иш.

Элге качан бак конот? Мыйзам сакталганда. Элди алдап чогултуп алып күчкө салам деген туура эмес, заман башка. Айтаарым элге, акылга ынтымакка келели. Бөлүнбөйлү. Эрегиштен пайда жок. Жакшы адамдын ачуусу бар, кеги жок дейт. АША кекчил жана арам киши.

Кемер айтат жармын деп,

Чымчык айтат кушмун деп,

Чырпык айтат талмын деп,

Эшек айтат малмын деп.

Мен муну өз көзүм менен көрдүм, ынандым. Жанында көп жакшы адамдар бар, бирок адашып жүрүшөт. Далайы түрмөгө түштү, далайы жок болду. Жеке кызыкчылыгы үчүн далай балдар өмүрүнөн ажырады. Ойлонуп иш жасайлы. Кыргызда накыл кеп бар «сөзүнөн эмес, өңүнөн эмес, эң оболу ишинен тааны» деген. Анын сыңарындай бул кишинин жасаган иштеринин аягы уурулук менен жыйынтыкталды.

Сүйлөгөн сөздөрү да адамдарды жийркентти. Орой айтсаң адамга жукпайт, орой сөздү киши укпайт, сылык сыпаа сөз жетет, ал мээге эмес жүлүнгө кетет. Элим айтаар сөзүм, ыкыбал сүйлөсүн бул жайдан, ынтымак тиле Кудайдан, Кудай берсе ынтымак, куусаң да кетпейт Ырыс Бак! Ынтымака келели!

Элдин ырыскысына кол салгандар, балдардын келечегине балта чапкандар, жооп берсин мыйзам алдында. Ийри түзөлөт, тескөө болсо. Тескөө башталды.

P.S. Дос күткөндөргө айтаар сєзүм бар. Жаман менен дос болсоң акыры келип доо болоор, жакшы менен жанашсаң жакшылык болоор, акыл - макал экөө бирдей келер, ал экөөнүн айтканы күндөй тиер, билген адам ошону байым кылаар, көкүрөккө ойлонуп дайын кылар. Акыл менен тил табыша албаган үйдө ырк бузулар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости