www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанга күнүнө 8-9 миңге жакын орус жараны кирсе, 10-11 миң орус жараны чыгып жатканын Казакстандын Ички иштер министрлигинин башчысы Марат Ахметжанов билдирди.
«Биз мурункудай абалга кайтып келдик. Азыр Орусиядан келген жарандардын саны кетип жаткандардын санынан аз», - деди министр журналисттерге.
Орустардын агымы Россия Федерациясында 21-сентябрда жарыяланган жарым-жартылай мобилизациянын фонунда башталган. 4-октябрда Казакстандын Ички иштер министрлиги өлкөгө 200 миң орусиялык келгенин кабарлады. Министрлик мобилизациядан качкандар издөөгө алынганда гана Орусияга экстрадициялана турганын билдирди.
Forbes маалыматы боюнча, мобилизациянын фонунда Орусиядан 700 миңге жакын адам кеткен. Кремл бул маалыматты өрдөк деп атады, бирок кеткендердин саны боюнча конкреттүү маалымат берген жок. 14-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация эки жумада бүтөрүн билдирди.
Булак: NazarNews.kg