www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз мамлекетин коргой турган эң чоң кубаттуу күч бул - кыргыз элинин маданияты. Мындай пикирин профессор Кадыралы Конкобаев NazarNews мааалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

--"Кыргыз эли жалпы түрк тилдүү элдердин арасынан эң байыркы маданиятты сактаган элдердин бири. Бизде стилизация болуп, өзгөрүп кеткендер жокко эсе. Байыркы маданият кандай болсо дал ошондой. Мисалы, мен 1987-жылы Монголиядагы Тонюкук эстелигине баргам. Ошол жердеги көрүстөндөрдүн үстүндө 2-3 метрлик кыргыздын оюулары түшүрүлгөн таштар азыр да жатат. Ташка чегилген оймолор бүгүнкү кыргыз шырдагында эч өзгөрүүсүз кадимкидей сакталып турат. Кыргыз калкы өзүнүн тарыхый уникалдуулугун баалабай келген элдердин бирибиз. Бүгүнкү цивилизация, маданиятты жакшы кабыл алып жатабыз, албетте, жакшы жактарын сиңирүү керек. Бирок, эски менен жаңыны айкалыштыра билүү абзел. 

Кыргыз элин кармап турган, Кыргыз мамлекетин коргой турган эң чоң кубаттуу күч бул -  элибиздин маданияты. Эски маданият менен жаңы өзгөрүүлөрдү жуурулуштуруп, ошол нерсени колдонууга багыттасак туура болот", - дейт Кадыралы Конкобаев.

Маекти толугу менен төмүнкү тасмадан көрө аласыздар:

 

Последние новости