www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл сентябрда Казакстанга орусиялык мигранттардын агылып келиши күтүлөт. Бул тууралуу Казакстандын эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин орун басары Ерболат Абулхатин "Sputnik — Казакстан" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, 1-майга чейин Казакстандын чек арасын 14 миң киши кесип өтүп, алардын тогуз миңи иштөөгө уруксат сурап документ тапшырган.
"Бүгүнкү күндө компаниялары батирдин же мейманкананын акысын төлөөгө кудуреттүү "каймактар" келип жатат деп айтсак болот. Күзгө карата каражат табууну көздөгөн катардагы жарандар келе баштайт деген ыктымалдуулук бар. Азыр массалык агым жок. Келгендер негизинен Алматы шаарын тандап, IT, финансы, банк тармактарында иштегендер", — деди Абулхатин.
Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу өлкөгө келгендердин саны 30% көбөйдү. Бирок бул Орусиядан Казакстанга бир миллионго чейин киши келип турган пандемияга чейинки көрсөткүчтөн аз.
Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин санкциялар салынгандан бери бир топ чет өлкөлүк компаниялар орус рыногунан чыгып кеткен же ишмердигин убактылуу токтоткон. 24-февралдан бери жүз миңдеген киши башка өлкөлөргө чыгып кетти.
Орусиянын эмгек жана социалдык коргоо министри Антон Котяков жумушсуздардын саны 3,1 миллион экенин, бирок мурдагыга салыштырмалуу "өспөгөнүн" майдын башында билдирген.
Булак: NazarNews.kg