www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан өсүмдүк жана күн карама майын экспорттоого убактылуу тыюу салды. Эгерде ички рынокто жетиштүү көлөм болсо, өкмөт товарларды экспорттоону жандандыра алат.

Президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгына ылайык, 1-июндан тарта Өзбекстандын бажы аймагынан төмөнкү товарларды алып чыгууга убактылуу тыюу салынды: өсүмдүк майы, анын ичинде пахта, күн карама майы (азыркы жарактуу келишим боюнча алдын ала акы төлөнгөн учурду эске албаганда, 2022-жылдын 1-июнуна чейин, ошондой эле «бажы аймагында кайра иштеп чыгаруу» режиминде турган товарлар); күн карама уруктары жана башка май өсүмдүктөрүнүн жемиштери (эгерде мыйзамда башкача каралбаса).

Документте белгиленгендей, Министрлер абинети ички рынокто алар жетиштүү көлөмдө болгон шартта бул товарларды экспорттоону кайра баштоого укуктуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости