www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нур-Султанда коомдук транспортто атайын камераны карап жол акысын төлөп кое алгандай кылып жаңы система ойлоп чыгышты. Бул туурасында Казакстандын массалык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Face Pay системасын Нур-Султанда өткөн “Astana LRT” жыйынында көргөзүштү.

“Бул биометриканын жардамы менен төлөм кабыл алына турган система. Биз Telegramдан атайын катталуучу канал ачтык. Ал жерден ар бир адам  ИИН менен катталып, селфи кылып, автобустук карточкасын киргизип системага кирсе болот. Адам өзү тууралуу маалыматты колдонууга системага макулдугун берет. Андан кийин картасы жок эле билет ала алат”, - деп “IPay” компаниясынын негиздөөчүсү  Алмас Айменов айтып берди.

Анын айтымында эл өздөрү тууралуу алынган маалымат боюнча тынчсызданбай эле коюшса болот, маалыматтар тиешелүү деңгээлде корголгон. Система 95% жүргүнчүнү  тааныйт, эгер  80% болуп калса жүргүнчүнү  дагы бир жолу камераны кароосун суранат. Бул система башынан эле жол кирени төлөбөй койгон адамды кармоо үчүн эмес, жүргүнчүгө ыңгайлуу болуш үчүн ойлоп табылган.

Эгер жүргүнчү бул системаны колдонсо, транспортко киргенде айдоочунун мониторунда жүргүнчүнүн сүрөтү чыгып калат.

“Биздикине окшогон система болушу мүмкүн. Бирок, биздикинде төлөө мүмкүнчүлүгү бар. Система нөлдөн баштап Казакстанда иштелип чыккан”, -деп кошумчалады Айменов.

Face Pay системасы сыноо үчүн ушул жумада  эки коомдук транспортко коюлат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости