www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Масанчи айылында чыккан массалык ызы-чуудан сегиз адам каза болуп, 40 адам жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү булактардын бири Казакстандын Ички иштер министри Ерлан Тургумбаевге таянып жазып чыкты.

Министрдин айтымында, Масанчи айылында чыккан массалык жаңжалга 70 адам катышкан. Дагы коңшу айылдардан 300 адам кошулган. 47 адам кармалып, куралдар алынды.

Окуя тууралуу

Казакстандын Жамбыл облусунун полиция департаментинин маалыматы боюнча, 7-февраль күнү Сортөбе айылында укук коргоо органдары Honda Odyssey унаасын токтоткон. Документин текшерүү учурунда адиминистративдик эрежелерди бузуу аныкталган, бирок айдоочу полиция кызматкерине көңүл бурбастан качууга аракет кылган. Ал өзүнүн үйүнө келип, аркасынан полиция кызматкерлери кууп барган. Эреже бузган адам туугандары менен укук коргоо органдарына каршылык көрсөтө баштаган. Полиция кызматкерлери бир нече дене жаракатын алышкан, кызматтык унааны таштар менен урушкан.

Полицияга кол салгандардын экөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Адиминистративдик жана кылмыш иши козголду.

Андан кийин Масанчи айылында жергиликтүү элдин арасында жаңжал чыккан. Укук коргоо органдары кырдаал көзөмөл астында турганын билдирди. Учурда жаңжалга катышкандар такталып жатат. Казакстандын президенти провокация болгонун жана мамлекеттик органдарга бир катар буйрук бергенин айтты.

Ошондой эле маалым болгондой, кыргыз-казак чек арасында кыргыз чек арачыларынын кызматы күчөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости