www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-мартта Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев социалдык тармактагы баракчасында казакстандыктардан Ормон хан үчүн кечирим сураганы боюнча иш аягына чыкканын билдирди.
«УКМК тарабынан бул иш каралып, 330-берене (эл аралык кастыкты козутуу) менен сотко өткөн. Сот бүгүн бүттү. Соттун чечими менен 100 миң сом айып пул салынды»,— деди ал.
Буга чейин, социалдык тармакта ырчы Кайрат Примбердиевдин казак журналистине берген маеги талкууга түшкөн. Анда ал казак элинен Кененсарынын башын алган Ормон хан үчүн кечирим сураган. Коомчулук кечирим сураганын туура эмес көрүшкөн.
Бул боюнча Маданият министринин орун басары Марат Тагаев үн катып, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев айрым казак блогерлеринин пропагандасына алдырып, Ормон хан туура эмес кылганын айтып, кечирим сураганын билдирди.
Ырчы мырза түшүндүрмө берип, ал жеке өзүнүн атынан кечирим сураганын, маек 1 сааттай болгонун, бирок ошол жерин кесип чыгарышканын, видеону толугу менен суратканын айткан.
УКМК маалымат таратып, ага карата «Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу» боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришкен.