www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен шаардык мэриясына футбол комплексин курууга Мамлекеттик турукташтыруу фондунан 1 млрд сом акча каражаты бөлүнөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Баткен шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жаңы окуу-дарылоо жана илимий комплексин ачуу учурунда айтты.
Мамлекет башчысы аталган каражат облустун таланттуу жаштарын өнүктүрүү, эл арасында сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу үчүн бөлүнөрүн кошумчалады.
Мындан тышкары, Жапаров облус борборун ар тараптан өнүктүрүү максаттарынын алкагында алдыдагы жылдары жаңы шаар куруу боюнча иш-пландар бар экенин да кошумчалады.