www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдүн Овалдык кабинетиндеги кызыл баскыч ядролук куралды ишке киргизүү үчүн эмес, диеталык кока-кола заказ кылуу үчүн колдонулганын билдирди. Бул тууралуу ал Fox News телеканалына берген маегинде айтты.

"Баары бул ядролук деп ойлошот. Баары бул ядролук курал деп ойлошот. Алар мен аны бассам, дүйнөнүн акыры болот деп айтышат", — деди Трамп.

Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө анын жумушчу столу мындай түзүлүш менен жабдылган болчу. Бирок 2021-2025-жылдары АКШнын президенти болгон Жо Байден баскычты алып салууну буйруган. Аталган баскычты басканда кызматкерлер бөлмөгө газдалган суусундук алып келишчү.

Республикачыл Трамп 20-январда экинчи ирет АКШ президентинин кызматына киришти. Ал 2024-жылы 5-ноябрда өткөн шайлоодо жеңишке жетишип, Демократиялык партиянын талапкери Камала Харристен озуп кеткен. Харрис мурунку АКШ президенти Жо Байдендин вице-президенти болгон.

Трамп биринчи жолу 2017-2021-жылдары АКШнын президенти кызматын аркалаган. Ал АКШ тарыхында эки мөөнөткө, бирок үзгүлтүк менен шайланган экинчи адам болуп калды. Буга чейин мындай жетишкендикке Гровер Кливленд жетишкен (1885-1889-жылдары 22-президент, 1893-1897-жылдары 24-президент болгон). Трамп 45-жана 47-президент болуп калды.

Последние новости