www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында таяк тартыш боюнча курама команда алты медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Анын үчөө алтын, бирөө күмүш жана экөө коло медаль.

70 кг салмакта Азамат Асанов, 110 кг салмакта Келдибек Атайбек уулу жана кыздар арасында 75 кг салмак даражада Дилбара Иманканова Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиондору болушту. Ошондой эле 75 кг жогорку салмактагылар арасында Назия Майлибашева күмүш медалдын, ал эми Бакдөөлөт Абылов, Улукбек Ырыспаев коло байгенин ээлери болушту.

Белгилей кетсек, бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын капчыгындагы алгачкы алтын медалдар.

Буга чейин Аба күрөшү боюнча Кыргызстандын курама команда 3 медаль жеңген.

Эскерте кетсек, көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын 148 спортчусу 11 спорттун түрүнөн күчүн сыноодо: көк бөрү, алыш бел боо күрөшү, татар күрөш, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, таяк тартыш, көк пар жана салттуу жаа атуу. Ал эми көргөзмө оюн катары кыргыз күрөш жана тогуз коргоол кирген.

Белгилей кетсек, Түркиянын Изник шаарында башталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрга чейин уланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости