www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Партия түзүп, эптеп эле шайлоочулардын кулагына лапша илип, өз кызыкчылыктарына жетишкиси келген саясатчылардын жүзү ачылып жатат. Кечээтен бери “Альянс” партиясынан мандат алып жаткан Токтобүбү Оргалча менен Жанар Акаев талкууда.

Бул партияда да парттизме менен парламентке келди. Жети мандаты бар экен. БШК мурда кабыл алынган мыйзамга ылайык Оргалча айымга мандат берип, Акаев мандат ала албай калды. Себеби 30 пайыздык квота аркылуу мандат бөлүшсө, ошондой болот экен. Мыйзамда аял депутаттардын укугу басымдуулук кылат экен. Бул мыйзамды ошол Жанар Акаевдер быйыл жайында кабыл алышкан, өздөрү. Анда Жанар Акаевдер, Сулаймановдор, Нурбаевдер алдыңкы көз караштагы депутаттар экенин көрсөтүш үчүн ушундай мыйзамды сүрөшкөн. Аялдар алдыда болуш керек дешкен. Бул мандат алгычактагы аракеттери.

Эми мына мандат бөлүштүргөнгө келгенде мандат аял катары Оргалча айымга тийип калды. Ошондо кечээ мыйзам токуп, сүрөп, аялдарга жан тартып атышкан алдыңкы көз караштагы депутаттар Жанар Акаев, Сулайманов, Нурбаевдер чалкасынан гана кетишти го. Жок туура эмес, Жанар мандат алыш керек эле дешти. Жанарды жактап чыгышты. Аялды эмес.

Кызыгы ушул да, булар баары бир партиядан. Партия болгон соң баарынын көз карашы, кызыкчылыгы, багыты бир болот. Ошондо мандатты Жанар алабы же Оргалча алабы мааниси жок. Баары бир фракциянын бирөөсү алат, ал партиялык фракциянын багытын сүрөйт да. Ушул көз караштан тиги эркектер партиялаш Оргалчаны куттуктап, ага ийгилик каалап кала бериштери керек эле. Андай болбоду, алар ага каршы чыгып жатышат. Аларга Оргалча эмес, Жанар керек экен. Оргалча жөн гана партиялык тизмени БШКдан өткөрүп, шайлоого катышуу үчүн гана керек болгон экен.

Алдыңкы көз карашта болгон Сулайманов, Нурбаев, Акаев дегендердин чыныгы жүздөрү ушундай. Сүйлөсө, элди алдаса башкача айтылат, иш жүзүндөгү иштери башкача болот. Кайра аял депутат көп болот экен, реформа болуп жатат экен, биз аялдарды колдойлу деген ниет болбой калды. Сыртынан тим эле жылтырашат, ичинен ирип турушат. Мына мактаган саясатчылар!

Садыр Жапаров парламентте аялдардын көп болушу үчүн багытты колдоду, реформа кылып жатат. Буюрса ошондой болот. Буга чейин көп жолу депутат болуп отургандар муну жасашкан эмес, элди алдап келишкен. Эми накта жүздөрү ачылууда.

Мына силер ишенген Альянс!

Булак: Саясый ботко

Последние новости