www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Добуштарды кайра санаганда деле ошол эле бийлик санады. Бул тууралуу коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
- Шайлоодо техникалык ката кетти дегенден кийин байкоочулар тарап кетпеш керек эле...
- Негизи шайлоо чөлкөмдөрү маалыматты толук бергенден кийин алардын укугу токтошу керек. Добуштарды кайра санаганда деле ошол эле бийлик санады. Эң негизги көйгөйдү айтайын. Азыр юстиция министрлигинде 220дай партия бар экен.
Алардын көбү качан эле жок болуп кеткен. Мына ошолордун 75и биз шайлоого катышабыз деп жулкунуп чыкты, кийин алардын 21и эле калды. Менин пикиримде кеп ушул жерде жатат. Мен 90-жылдардын башында айттым эле шайлоодо партиялар өтө турган босогону 10 пайыз кылыш керек деп.
Себеби Батыштын чыныгы демократиялык өлкөлөрү ушундай жол менен ийгиликке жетишкен. Мисалы, көз караштары жакын партиялар биригип чоң партияга айланышат. Азыр Америкада 9 партия бар алардын экөөбү эң чоң партия.
Биз дагы ошол жолго түшүшүбүз керек деп ойлойм. Ошого мамлекеттин стратегиялык саясаты керек. Жогорку Кеңешти кабыл алганда былык саясат жүргүзгөндөр 3 эле пайыз болсун деп чыгып, анан 5 пайызды калтырышкан. Себеби алар майда-майда партияларды түзүп алып бирикпей өз алдынча партия болгулары келет.
Булак: NazarNews.kg