www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемин районунун Боролдой айылында Кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү жырткыч — ак илбирс (кар барсы) байкалган. Окуя 29-декабрда кечки саат 23:20 чамасында катталган.

Алынган маалыматка ылайык, ак илбирс айыл аймагына кирип, бактардын бирине чыгып кеткен. Окуя болгон жерге Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Чүй регионалдык башкармалыгынын  егери Ж. Чокоев аңчы У. Абыканов ыкчам барып, жаныбарды коопсуз шартта бактан түшүрүшкөн.

Ак илбирс — Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ символдук жаныбар болуп саналат жана анын ар бир катталышы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында маанилүү окуя болуп эсептелет.

 

Последние новости