www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад облусундагы жокко чыгарылган Базар-Коргон районундагы №13 көп мандаттуу шайлоо округунда шайлоону 1-мартка белгиледи. Үгүт иштери добуш берүү күнүнө 20 күн калганда башталат.
Белгилей кетсек, добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду деген жүйөө менене аталган округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган болчу. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин көп добуш алган айрым талапкерлер сотко кайрылышкан, бирок алардын арыздары канааттандырылган эмес.
Талапкер Бактыбек Сыдыков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, бул окуяны “негизсиз каралоо жана шайлоодогу жеңишти жокко чыгарууга багытталган аракет” деп баалаган. Ал жыйынтыктын жокко чыгарылышына байланыштуу атаандаштарын айыптаганы менен, конкреттүү адамдардын атын атаган эмес.
Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өткөн.