www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аялды жеңээр замат анын олжосуна айланасың.

(Аркадий Давидович)

Мотор да аял сыяктуу. Кайсы жерди кармаганды гана билиш керек.

(Энцо Феррари)

Аял менен талашкан торопойдун жүнүн кырккандай эле кеп: чыйылдагынын угасың, жүн болсо жок.

(Сергей Дроботенко)

Аялдар баатырларды эмес, жеңүүчүлөрдү жакшы көрүшөт.

(Робер Бове)

Аялзаты ар бир эркек үчүн кыймылдаткыч күч. Аялдарсыз жадагалса Наполеон да жөнөкөй бир келесоо болмок.

(Джон Леннон)

Эгер аялдардын баары Кудай сымал болгондо, атеисттер дегеле болмок эмес.

(Джахангир Абдуллаев)

Эгер сен эркек болсоң, аялдарды жакшы көр, эгер сен аял болсоң, эркектерди жакшы көр.

(Саша Черный)

Мен аялдардын чыныгы укугун коргойм. Аялзаты аял жана эне болууга укуктуу.

(Филлис Шлафли)

Аристотель эркектердикине караганда аялдардын тиши аз болот деп айткан. Ал өзү эки ирет үйлөнсө да, бир жолу аялынын оозун ачып, тишин санап койгон эмес экен да...

(Бертран Рассел)

“Аялы бар эркектер сулуу аялды көргөндө өзүнүн аялы бар экенин унутуп коёт” деген калп. Тескерисинче, дал ушул учурда өзүнүн аялы бар экенин эстейт. Эстейт да бармагын тиштеп, тиштеп алат...

(Марк Твен)

Мен бир аял менен элүү жыл жашадым. Себеби, ага көп талап койчу эмесмин.

(Лев Дуров)

Эгер аялы күйөөсүн таманы астында тебелеп жүргөн болсо, “ал кыйын, бийик аял экен” деп айтууга болбойт.

(Тамар Клейман)

Аялзаты бир эле учурда алма дагы, жылан дагы.

(Генрих Гейне)

Жөнөкөй аялдар кымбат турат.

(Геннадий Малкин)

Аялды ынандырыш үчүн аны менен макул болуш керек.

(Геннадий Малкин)

Кээ бир аялдар өзүнө күйөө таба албаганынын себеби, аларга мас эркектер жакпайт, соо эркектерге болсо алар жакпайт.

(Ричард Длинные руки)

О аялдар, эгер силер күйөөлөрүңөрдүн алдындагы милдеттериңерди белгениңерде, өзүңөр чаңда жатсаңар да күйөөңөрдүн бетиндеги чаңды сүртмөксүңөр.

(Айша бин Абу Бакр)

Эркектер аялдардын бутун жактырат да бутунун алдына чөгөлөйт. Аялдар эркектердин башын жактырат да мээсине кирип алат.

(Славомир Врублевский)

Аял эч качан шахматты эркектер менен тең ойнобойт, себеби, беш саат досканы тиктеп, унчукпай отура албайт.

(Пауль Петрович Керес)

Сахнадагы жылаңач аялга караганда, партердеги жарым жылаңач аял эркектерди көбүрөөк суктандырат.

(Аркадий Давидович)

Аялдар бири-бирине жолуккан кезде өбүшкөн, себеби бири-бирин тиштей алышпайт да.

(Магдалена Самозванец)

18 жашка чейин аялга жакшы ата-эне, 18ден 35 жашка чейин жакшы келбет, 35тен 55 жашка чейин жакшы мүнөз, 55 жаштан кийин болсо калың капчык керек.

(Софи Такер)

Эркектер өтө маанилүү кадам жасаарда “эмне айтсам экен?” деп ойлонот. Аялдар маанилүү кадам жасаарда “кандай кийинсем экен?” деп ойлонот.

(Мадлен де Пюизье)

Эркектер өзүнүн алсыздыгы үчүн кечирим сураса, аялдар күчтүү сапаттары үчүн кечирим сурайт.

(Лоуис Уайз)

Аялдар мансапка жетиши кыйын, себеби аларды артынан түртүп, шыкактап турган аялдары жок да.

(Янина Ипохорская)

Аял киши бийлик жүргүзө алат, бирок башкара албайт.

(Дельфина де Жирарден)

Мансап жакшы нерсе, бирок ал муздак түндө жылуулук бере албайт.

(Мерилин Монро)

Аял киши аны бирөө сүйгөндө гана толук кандуу инсанга айланат.

(Александр Дюма)

Булак: Азия News гезити

Последние новости