www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Алматыдагы Нооруз майрамында сүйлөп жатып, өлкөдө масштабдуу реформалар болорун билдирди. Бул тууралуу казакстандык маалымат булактары жазып чыкты.

"Бизди көптөгөн реформалар күтүп турат, алдыда жаңы Казакстанды курабыз. Сиздер, жаштар менен бирге биз сөзсүз түрдө жаңы өлкөнү, жаңы Казакстанды курабыз", - деди ал.

"Оор учурларда жарандар чыныгы патриоттуулуктун үлгүсүн көрсөтүштү. Ынтымактын, биримдиктин аркасында өлкөбүздү сактап калдык. Шаарды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды бердим. Алматы шаарын өнүктүрүү жана шаар тургундарынын жашоо-турмушун жакшыртуу менин көңүлүмдүн борборунда. Биздин алдыбызда чоң милдеттер турат. Аларды ишке ашырууга алматылыктар катышат деп ишенем", - деп билдирген Токаев.

Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев өлкөсүнүн өнүгүүнүн жаңы этабына киргенин белгиледи. Ал маалымдагандай, бул жолку кайрылууда айтылган масштабдуу реформалар Казакстанды терең модернизациялоого багытталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости