www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна 20-21-март күндөрү болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы иш сапарынын жүрүшүндө Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүүгө байланыштуу иш-чарага катышты.Садыр Жапаров ошол эле күнү Нооруз майрамына арналган байыркы салт болгон сүмөлөк даярдоого катышты.

21-мартта Баткен шаарынын борбордук стадионунда Нооруз майрамына арналган театралдаштырылган оюн-зоок жана спорттук иш-чаралар болуп өттү.

Президент Садыр Жапаров салтанатта сөз сүйлөп, жалпы кыргызстандыктарды жаз майрамы менен куттуктап, мекендештерине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады. Иш сапарын аяктап, мамлекет башчы Бишкек шаарына кайтып келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости