www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кээ бир илимпоздорду ит да тааныбайт

Кыргыздардын ичинде азыр илимпоздордун саны асман чапчыйт. Тилекке каршы айрым профессормун, академикмин дегендерди ит да негедир тааныбайт. Анткени илгери Акаевдин, Бакиевдин мезгилинде акчасы самандай чачылган байлар бирөөлөрдү жалдап илимий иш жаздырып, анысын жактаарда семиз жылкы союп, дасторконун жайнатып туруп доктор болуп алышкан. Андайларды чыныгы илимпоздор сөөмөйүн сайып көрсөтүп беришээри турган иш. Самопал докторлорду акыйкатында бирөө да баалабайт. Ошондуктан ага окшогон жасалма артыкчылыкка ээ болгондор эл алдына түз чыгалбайт. Чыкмак тургай таасын илимпоздордун алдына келгенде томурайып, шүмүрөйүп эле үн ката албай отуруп калат. Буга окшогон окуяны далай көрдүк го?

Акыйкатына келсек азыркы учурда самопал кандидат, доктор болгондон тартына башташты. Анан калса буларды тескөөчүлөр да мурдагыдай болуп кекиртегин созбой калышканын жакшылыктын жышааны деп койсок болоттур? Кантсе да окумуштуу дегендин өз орду, жоопкерчилиги болушу керектигин байкап жатпайлыбы? Айрым союздун нанын жеп, учурда жетимиштен ашып калган чыныгы академиктер чийки ойлорду жармакташтырып, бирөөлөрдүн көмөгү аркылуу илимпоз болгусу келгендерди акырын эле сыртка узатып коюп жатканына не дейбиз? Албетте, тоңгон муздун жибип баратканына ичиң жылыйт, ылайым татыктуулар келсе экен деп тилейсиң. Ток этээрин айтканда бул тарапта жылыш бар, болгону ушул ыргагыбыздан тайбасак оңолуу жолуна түшөбүз.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости