www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты:
Калктын демографиялык өсүшүн колдоо,
Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда жашаган көп балалуу энелерге жардам берүү,
Балдардын сапаттуу өнүгүүсүнө шарт түзүү.
2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга төрт жана андан көп бала төрөгөн көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке” төлөмү берилет.
Төлөмдүн өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби министрлер кабинети тарабынан бекитилет.
Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.