www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салмагың кандай саясатчы? 

Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөрдөн берип туралы дедик. Бул жолку каарманыбыз – Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев. 

Өмүрбек Текебаев — кыргыз саясатындагы белгилүү фигура. Бирок анын Германияга элчи болгондон кийинки “суудан тайыз, чөптөн жапыз” болгон илең-салаң позициясы, саясий ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна чоң күмөн жаратты. Дегенибиз, “жүгүнүп туруп, кол чабасыңар” деп акыл айтып, анан ал жолду өзү баштап бергени далайды иренжитти. 

Албетте, элчиликти кызматты аркалоо аркылуу, мамлекеттин улуттук кызыкчылыгын коргоо, дипломатиялык мамилелерди чыңдоо жана экономикалык, маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошсо, бали дейт элек. Бирок дээрлик 4 жылдан бери саясий пиардан башка жемиштүү ишин көргөн жан жок.

Өкүнүчтүүсү, аны Германияга элчиликке кыргыздын 7 ата наркына балта чабуучу 5 ата принцибин мыйзамдаштыруунун жол-жобосун таап кел деп жибергенсип, улуттун өзөгүнө доо кетирчү көрүнүштү таңуулаган көз карашын саймедирип, “төөчөсүнөн тескери ушатканы”, ийри таяктан түз көлөкө түз түшпөсүн далилдеди. 

Анткени, кыргыздын тарыхы, каада-салты жана моралдык багыты саясий пиардан жогору турушу керектигин билип туруп, жыландын башын кылтыйткан кылыгы, улуттун баалуулуктарына болгон “аксак логикасы” нарктуу аксакал болууга али чийкилигин көрсөттү.

Последние новости