www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финансы министрлиги 2021-жылга карата республикалык бюджеттин долбоору жана 2022-2023-жылдарга божомол боюнча коомдук угуу өткөрөт. Ага катышууну каалаган жарандарды министрлик онлайн талкууга катышууга чакырат.

Бюджеттин ачыктыгын камсыз кылуу максатында коомдук угууларды өткөрүү, жарандардын процесске катышуусу үчүн шарттарды түзүү, коомдук пикирди изилдөө, сунуштарды жана кеңештерди алуу Бюджеттик кодекстин 127-беренесине ылайык ишке ашырылат.

"Жарандар 2022-2023-жылдарга карата республикалык бюджеттин долбоорун көрүп, кезектеги жылга бюджеттин мазмуну боюнча өз сунуштарын жана сын-пикирлерин калтыра алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Катышууга арыз берүү үчүн министрликтин 0312 62-53-13 (1116) жана 0312 62 53 13 (1123) номерлерине чалып, кенен маалымат алсаңыз болот.

Эске салсак, Кыргызстанда жарандар республикалык бюджетти түзүүгө 2019-жылдан бери катышып келет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости