www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак улана бериши мүмкүн”, - деди бүгүн, 9-июлда NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин” депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.

--“Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыр-чатакар бир нече убакытка чейин уланышы мүмкүн. Себеби, ошол жердеги аскер кызматкерлеринин жана жергиликтүү тургундардын эсинде. Ошондой эле, алардын психологиясына катуу терс таасир берген.

Азыр жетекчилер  канчалык деңгээлде сүйлөшпөсүн өзүнүн терс таасирин тийгизип уруш-талаш боло берет. Ошондуктан ал жактагы жашоочулар менен жоокерлердин психологиясын оңдоп, жакшылап түшүндүрүү зарыл.

Мисалы, губернатор, акимдер жолугуп, сүйлөшүү жүргүзгөнү менен кайра эле чыр-чатак чыгууда. Бул маселеге чекит коюу кыйын.

Бир жагынан коңшу мамлекет болуп, карым-катнаш дагы болот. Соода-сатык, жолдору байланыштырып турат. Ал жактагы элдер айла жок жакынкы жерлерине кирип-чыкканга туура келет.

Ошондуктан эки өлкөнүн тең жарандардын ынтымакка чакырып, бириктирүү жолу менен бул маселени чечкен туура”, - дейт коомдук ишмер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости