www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бейөкмөт уюмдар Кыргызстанды Сирия, Афганистан сыяктуу кылгылары келет», - деди бүгүн, 9-июлда NazarNews маалымат агенттигине Мирбек Маниясов.

- Мирбек, президент бейөкмөт уюмдардын тыштан келген каражатын көзөмөлгө ала турган мыйзамга кол коюп туура кылдыбы же калпыстыкка жол бердиби?

- Президент туура чечим кабыл алды. Буга чейин бир да ажонун буга эрки жеткен эмес. Президент тартип орнотуп, эреже киргизүү үчүн туптуура кадамга барды, калпыстыкка жол берген жок деп эсептейм.

- Сиз туура көргөнңүүз менен бейөкмөт уюмдар, жарандык активисттер сындап чыгышат го?

- Албетте, жарандык коом сындары бышык. Анткени көбүнесе жарандык коомдун активистери да, ошол бейөкмөт уюмдары менен иштешет. Демек, акча каражатты ошолордон алып турушат. Ошон үчүн каршы чыгышы толук мүмкүн. Башкаларды сындагандан мурун бейөкмөтчүлөр жаңы кабыл алынган мыйзамга баш ийип, ачык-айкындуулукту орнотуга салым кошушса жакшы болот эле.

- Бейөкмөт уюмдар Кыргызстан үчүн абдан күйүшөбү же аларга шылтоо болсо эле митингге чыга беришеби?

- Орхан Инандынын жоголушу боюнча болобу, башка жагдай боюнча болобу негизи буларга шылтоо эле керек. Эптеп эле ызы-чуу чыгарып «кожоюндарынын» тапшырмасын, мындайча айтканда алган акыларын акташат. Ошон үчүн митингге чыга беришет.

- Батышчыл күчтөрдүн көздөгөнү эмне деп ойлойсуз?

- Батышчыл күчтөрдүн көздөгөнү бир гана нерсе. Эптеп дистаблезация кылуу керек. Орто Азияда көптөн бери, өздөрүнүн арам оюун ишке ашырууну каалашат. Тагыраагы, Сирия, Афганистан сыяктуу кылгылары келет. Кыскасы, өздөрүнүн үстөмдүгүн орнотууну каалашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости