www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын үч аймагында коронавируска каршы вакцинация жасатпаган кишилерге паспорт саткан медицина кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу РИА Новости Казакстандын коррупцияга бөгөт коюу агенттигинин төрагасы Марат Ахметжановдун айтымына таянып кабарлады.

«Эми вакцинация тууралуу жасалма паспорт жасай башташыптыр. Кечээ өлкөнүн үч аймагынан мындай документ сатып жаткан медиктер кармалды. Алар эмделбеген эле адамдарга жасалма документ даярдап, вакцинаны болсо жок кылышкан. Өзүңөр көргөндөй, алар элдин ден соолугунан пайдаланып байып, ал эми бюджеттин акчасын асманга чачышкан», — деди Ахметжанов.

Маалым болгондой, медиктер Нур-Султан шаарында жана Акмола, Алматы облустарында кармалышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости