www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик чек арачылары кыргыз аскер кызматкерин кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караган Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул бир күн мурун Чашмагилдан ашуусунун аймагындагы атышуу учурунда болгон. Чек арачыны кармап Тажикстандын аймагына киргизип кетишкен.

«Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү атышуу болгон жерде жана бул фактыны териштирип жатышат. Баткен участкасынын чек ара өкүлү полковник Кыялбек Төлөнбаев тажик тараптан окуя учурунда кармалган кыргыз аскер кызматкерин кайтарып берүүнү талап кылды. Учурда сүйлөшүүлөр уланууда», – деп жазылат маалыматта.

Бир күн мурун, болжол менен кечки саат бештерде, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда атышуу болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости