www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Садыр Жапаров мындан кийин Тажикстанга ийилип барбашы керек”, - деди бүгүн, 9-июлда NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.
--“Баарыбызга белгилүү болгондой жакында эле президент Садыр Жапаров Тажикстанга барып келди. Анда чыр-чатакты болбосун негизде эки элди ынтымакка чакырып, адамгерчилик менен барды. Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго жолукканда коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы болгон окуяны айтып, жоготууларга көңүл айткандай болду. Бирок, Рахмон чек арадагы окуяны, күнөөнү мойнуна алгысы келбей, кабыл алгысы дагы келген жок. Ошол жерден Рахмон өлкө башчы, аксакал катары эки элди тынчтыкка чакырып, кайрылып койсо болмок.
Биздин ажоонун адамгерчиликтүү болуп, ийилип бир барганы туура болду. Мындан кийин болду барбашы керек. Аларга ийилип, чөгөлөп барганы болбойт. Биринчи жолу акылдуулук менен эки элдин тынчтыгын ойлоп барды. Сөзгө келбегендерге, түшүнбөгөндөргө өздөрүнө жараша мамиле жасаган туура. Тактап айтканда кандай болсо ошондой жооп бергени туура.
Эки элди ынтымакка чакырып, тынчытыш керек. Качанчкыга чейин биздин аскерлердин өмүрлөрү кыйыла берет. Азыр ошол жакта мекенге кызмат кылган жигиттердин ата-энелери кандай абалда, алар күнү-түнү балдарын ойлоп уктабай жатышат да”, - дейт Ашыралиев.
Булак: NazarNews.kg