www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Рахмон биздин суунун башын алып берип, элине жакшы адам катары тарыхта калгысы келип жатат”, - деди бүгүн, 1-майда NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.

--“Эмомали Рахмон Тажикстандын элин башкарганына көп жыл болду. Азыр 69 жашка чыгыптыр. Жашы өтүп калгандыктан бийликти баласы Рустам Эмомали мураска калтырууга аракет кылып жатат. Бул барыбызга эле ачык көрүнүп турат. Баласын прездиденттикке көп жылдан бери тарбиялап, мамлекеттик чоң кызматтарды берди. Дүйшөнбү шаарына мэр кылган азыр өлкө башчы кылуу ниети бар. Ал өзүнө каршы оппозицияны сүрүп чыгарып, жанына жалаң өзүнүн адамдарын топтоп алды. Мисалы, балдарын, кыздарын мамлекеттин экинчи, үчүнчү адамдары. Кызын президенттин аппарат башчысы кылган. Абдан чоң катачылыктарды кетирди. Тажик элин жыргатпай, карызга батырып, жаман көрүнүп алды. Канчалаган жарандары чет мамлеттерге мигрант болуп кетишти. Ошого эл чыдабай, толкуп чыгуу алдында турат. Аны байкап, билип калган Рахмон өзүн жакшы көрсөтүүнүн амалын көрүүдө. Тажиктердин оюн, көңүлүн башкага бурууда. Тактап айтканда саясий упай топтоону көздөп жатат. “Силерге Кыргызстандагы суунун башын алып бердим, Ворухтагы маселени чечип бердим. “Рахмон кыйын, анын сөзү сөз деген” адам катары тарыхта калгысы келүүдө”, - дейт Ашыралиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости