www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда бир жума мурда 60тан ашуун киши каза болгон өрттөн кийин Кемерово облусунун губернатору Аман Тулеев кызматын таштоо боюнча арызын берди.
Владимир Путин Тулеевдин арызын кабыл алды.
Кемерово башкаруучулугунун жарыясында губернатор Тулеев арызын өз ыктыяры менен берди.
73 жаштагы Аман Тулеев,1997-жылдан бери Кемерово облусунун губернаторлугун аркалап келген. Кызматы мөөнөтүү нормалдуу шарттарда 2020-жылы соңуна чыкмак.
Өткөн аптада Кемерово шаарындагы соода борборунда чыккан өрттө Орусиянын курч кырдаалдар министрлигинин жарыясына караганда 41и баладан турган 64 киши каза тапкан.
Ишемби күнү Кемероводогу сот жергиликтүү курулушту текшерүүнүн жетекчиси Танзилия Комкованынын камакка алынышы чечимин чыгарган.
Полиция кызматкерлери Комкованын мыйзамсыз болгонун жана коопсуздук эрежелерин бузганын билип туруп соода борборунун ачылышына уруксат бергени менен күнөөлөөдө. Ушул убакка дейре окуяга байланыштуу 7 киши камакка алынды.
Булак: "trt.net.tr"