www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусуна караштуу Кемин районунда таажывирус илдетин жуктуруп алган 7 бейтап ооруканада жатышат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиршити.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Суу айылынын 1995-жылы туулган тургуну үстүбүздөгү жылдын 24-марттында Москва шаарынан учуп келген. Ал жигиттен вирустун белгилери табылган. Аны менен байланышта болгондор дагы таажывирус илдетин жуктуруп алышкан. Тактап айтканда, анын үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсүндө жана эки таанышында аныкталган. Бул маалыматты райондук штаб тастыктап, бейтап менен байланышта болгондордун баары көзөмөлгө алынганын билдирди.
“Таажывирус илдетин жуктуруп алган жигит менен байланышта болгон адамдар дароо көзөмөлгө алынган. Ал эми, калган 6 бейтап менен да байланышта болгондор көзөмөлгө алынып, анализдери лабораторияга тапшырылган. Алардын анализдеринин жыйынтыгы четинен таза чыгып жатат. Ошондой эле учурда Кызыл-Октябрь, Кызыл-Суу айылдары баардыгы катуу карантинге алынган. Андагы жашаган тургундар азык-түлүк жана башкалар менен камсыздалган. Ал эми 14 күндөн кийин ушул 7 жаран менен байланышкандардын бардыгы кайрадан текшерүүдөн өтүшөт”, - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg