www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14 жаштагы кызды зордуктаган жана деп өлтүргөн деп айыпталып жаткан бала өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү булактардын бири Чүй облусунун прокуратурасынын кылмыш жана жарандык процесстик бөлүмүнүн башчысы Нурлан Тагаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин прокуратура Кемин райондук сотунун чечимине даттанган.

“Мамлекеттик айыптоо Кемин райондук сотунун мурунку чечими жумшак болгон деп эсептейт, ошондуктан ага даттанылды. Экинчи сот жаңы чечим чыгарды, ага ылайык айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылды. Экинчи инстанциянын өкүмү жарыяланган учурдан тартып дароо күчүнө кирет. Прокуратура жашы жете электер жабыркаган бардык учурларда акыйкат жазаны талап кылууга ниеттенүүдө”, - деди Нурлан Тагаев.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын сентябрь айында Кемин районунда 14 жаштагы кыз жоголгон. Эки күндөн кийин анын сөөгү кароосуз калган үйдөн табылган. Кашкелен айылынын 20 жаштагы тургуну өспүрүмдү мыкаачылык менен өлтүргөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылган, ал каршылык көрсөтө баштаганда, аны сабап өлтүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости