www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемин районунда 15 жаштагы өспүрүм кокустан өзүн-өзү атып алды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы жергиликтүү басылмаларга билдирген.

Маалыматка ылайык, милицияга окуя тууралуу билдирүү 13-декабрда келип түшкөн.

“Милиция кызматкерлери 13-декабрда болжол менен саат 9:30дар чамасында 2005-жылы туулган бала гараждан мылтык алып, кокустан өзүн-өзү атып алгандыгын аныкташкан. Ал аймактык ооруканага жеткирилип, факт КЖБРге катталган. Жабырлануучунун атасы эки күн мурун айылда жайгашкан жайыттардын биринен ок атуучу куралды тапканын, патрондорду сууруп чыгып, куралды гаражга катып койгонун түшүндүргөн. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды », – деп билдирген аталган бөлүмдөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости