www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кеминдин Боролдой айылында кармалган ак илбирс Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында табигый жашоо чөйрөсүнө ийгиликтүү кое берилди.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, жаныбар адистердин көзөмөлүндө бардык ветеринардык жана биологиялык текшерүүлөрдөн өттү. Анын жашы 3–4 жаш, эркек, салмагы 42,7 кг, узундугу болжол менен 2 метр.

«Ак илбирс убактылуу Чүй облусуна караштуу Сайлуу-Терек жайлоосундагы Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (НАБУ) филиалына караштуу жапайы жаныбарларды калыбына келтирүү борборуна жайгаштырылып, толук ветеринардык кароодон өткөндөн кийин бүгүн кайра жаратылышка кое берилди», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жырткыч — ак илбирс Кемин районунун Боролдой айылына кирип келген. Кийин тийиштүү кызматкерлер аны кармап, коопсуз жайга чыгарышкан.

Последние новости