www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук агенттиги жана Антикоррупциялык прокуратура парламенттеги "Батькивщина" фракциясынын башчысы Юлия Тимошенко паракорлукка шектелип жатканын билдирди.

Саясатчы партиянын кеңсесинде түн бою 30дан көп киши тинтүү жүргүзгөнүн тастыктады.

Ошондой эле, саясатчы айыптоолорду четке кагып: “Эч нерсе таппай, жумушта колдонгон телефондорду, парламенттин документтерин жана жеке каражаттарды алып кетишти. Ал акча декларацияларда көргөзүлгөн”, - деп жазды Тимошенко Фейсбуктагы баракчасына. 

Юлия Тимошенко украиналык белгилүү саясатчылардын бири. 2005-жылкы «Саргылт революциядан» кийин эки жолу өкмөттү жетектеген. Виктор Януковичтин тушунда кызматтык ыйгарымдардан аша чапкандыгы үчүн абакка камалган. Кийин ал иш саясий деп таанылган.

Тимошенко үч ирет президенттик жарышка талапкерлигин койгон.

Последние новости