www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемин районундагы Ак-Түз айылындагы кен иштетүүчү фабрикадан калдык сактоочу жайга төшөлгөн түтүк жарылды.
Бул тууралуу Энергетика, өнөр жай жана жер казынасы боюнча комитеттен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кырсык 26-февралда таңга маал болгон. Сууктан улам түтүк жарылып, Ак-Түз айылындагы жолду каптаган жана айрым бөлүгү Кичи-Кемин суусуна куйган.
Комитет өкүлдөрүнүн айтымында, түтүк 20 мүнөт ичинде калыбына келтирип, химиялык калдыктар тазаланган. Аймактагы радиациялык фон өз калыбында экенин, адамдын саламаттыгына коркунуч жаратпай турганын мамлекеттик органдар билдирүүдө.
Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.
Ак-Түз айылында жайгашкан орусиялык “Георезерв” жана “Реоресурс” компаниялары алтын кошулмасы бар кенди кайра иштетүү жана байытуу жаатында иш алып барат.
Булак: NazarNews.kg