www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кеминдеги карылар үйүндө окуя боюнча ИИМ маалымат берди

Чүйдүн Кемин районунда карылар үйүндө улгайган адамдар каза болгон аял менен бир бөлмөдө жашап жатышкан. Мындай маалыматты Турмуш басылмасы "Кемин биримдиги" уюмуна таянуу менен жазып чыккан.

Бул окуя кандай болгонун Чүй ОИИББи маалымат таратты.

--"16-февралда Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө саат 21:05 чамасында коомдук уюмдун өкүлүнөн жеке карылар үйүндө аял каза болду деген билдирүү түшкөн. Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, төмөнкүлөрдү аныктаган. Анда ошол күнү саат 16:00 чамасында 64 жаштагы З.Л. аттуу аял киши каза болгон. Ал карылар үйүндө жашаганына эки жыл болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Карылар үйүнүн жашоочуларынын айтуусунда маркум аял 15-февраль күнү түшкү тамактан кийин каза болду деп айтышкан. Учурда өлүмдүн убактысын жана анын себебин аныктоо үчүн керектүү экспертизалар дайындалды, ошонун жыйынтыгы неигизинде материалга юридикалык баа берилет", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости