www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деп айыпталган Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү кармалып жаткан СИЗО-1дин камералары абдан муздак. Бул тууралуу адвокат Эркин Саданбеков билдирди.

Анын айтымында, соттолуучулардын көбү сууктан улам ооруп калвшкан. «Сурак бөлмөсүндө да муздак. Мындай шартта иштөө адам чыдагыс. Биз Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) жетекчилигине жана СИЗОнун жетекчилигине бир нече жолу арыздандык. Бирок алар бизди укпай жатат. Тергөөдө жаткандардын көпчүлүгүнүн ден соолугунун абалы олуттуу кооптонууну жаратат. Ооруканага жаткыруу боюнча биздин кайрылууларыбыз да эске алынбай жатат», - деди ал.

Өз кезегинде ЖАК жарандык ооруканага которууга дарыгердин корутундусу болгондо гана уруксат берерин түшүндүрүп, абактагылар дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин, керек болсо дарыланарын кошумчалады. ЖАКтын кызматкерлери тергөө амалдары жүрүп жаткан камераларда жана бөлмөдө температура нормада деп эсептешет.

«Эгерде зарылчылык болуп, соттолуучулар же алардын жактоочулары бул тууралуу билдиришсе, биз жылыткычтарды беребиз. Азырынча мындай даттануулар менен эч ким бизге кайрыла элек», - деп кошумчалады ЖАК.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости