www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо маселесин караган жыйындан Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин беш мүчөсү залдан чыгып кетти.
Адахан Мадумаров Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп бергени үчүн депутаттар Жараткандын жана элдин алдында жооп берейин деген ою жок экенин айтты.
"Буга каршы туруу биздин колубузда эмес. Кворум болбош үчүн беш депутат жыйындан чыгып кетүүнү чечти. Калганыңар каалаганыңарды кылгыла", - деди Мадумаров.
Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков, Нуржигит Кадырбеков, Нилуфар Алимжанова жана Эрулан Кокулов залдан чыгып кетишти.
Булак: NazarNews.kg