www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин камактагы мүчөлөрү коомчулукка ачык кайрылуу жолдошту.

Текстте бийлик саясатчыларды, жарандык активисттерди жана журналисттерди камоо менен өз максатына жеткени белгиленген.

«Көпчүлүк кошоматчы жана коркок депутаттар менен документти акыры мыйзамдаштырышты. Адахан Мадумаров айткандай, эл өкүлдөрү добуш берүү үчүн укук коргоо органдарын колдонушкан. Ратификация учурунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин депутаттарга басым жасап, коркутуп-үркүтүүсү да далил боло алат», - дешти активисттер.

Алар Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы добуш берген 19 депутатка ыраазычылык билдиришти.

Комитет бийликтин чечимин кечирилгис ката деп атады. Буга чейин ал эл аралык сотко кайрылуу ниети бар экени белгилүү болгон.

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Өзбекстан Республикасы менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишимди ратификациялады. Жыйынга президент Садыр Жапаров катышты.

Биринчи окууда “макул” – 64, “каршы” – 18, экинчиде: “макул” – 61, каршы – 22, үчүнчү окууда – 64 – макул, 19 – каршы добуш берилди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости