www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү Өзбекстан менен түзүлгөн келишимди ратификациялоону жокко чыгаруу үчүн эл аралык сотко кайрылышат. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.
«Тилекке каршы, бийлик Кемпир-Абадды берип койду. Бирок бизде дагы бир жол бар. Келечекте эл аралык сотко кайрылабыз. Эгерде биздин бийлик коррупциялашып, авторитардык болсо, анда эл аралык келишимди жокко чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Анткени кечээ парламентте документ коррупциялык, авторитардык ыкмалар менен ратификацияланганын байкадым. Бул депутаттарга болгон кысым», - деди ал.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Өзбекстан Республикасы менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишимди ратификациялады. Жыйынга президент Садыр Жапаров катышты.
Булак: NazarNews.kg