www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы кезде президенттик аппараттын орунбасары Алмаз Кененбаевдин даңгыр жолу кенен ачылды. Максим Бакиев Кененбаевдердин кызын алды. Президент Бакиевдин ордун алган Роза Отунбаевага да Кененбаевдер жакындап кудагый тутуп калышты. Алмаз Атамбаевдин тушунда “тезкасы” Алмаз Кененбаев чап жабышып СДПК фракциясын чимирип, Бишкек парламентинин төрагасы болгучакты мойнунан түшкөн эмес. СДПКчылар бүт кызматынан жыдып бараткан заманда күн кай жактан тийгени белгисиз, Алмаз Кененбаев шак барып президенттик администрациянын жетекчисинин орунбасары болуп отуруп, өзүнүн шефи Досалы Эсеналиевдин ордун көздөп, апрелчилерди оюнга салып, терең ор казып жатат деген кеп бар.
Албетте, апрелге чейин Бакиевде кызмат кылышып, апрель болор менен терисин тескери кийип Атамбаевде оокат кылышып, элдин жек көрүмүнө айланып бараткан Мискенбаев сыяктуу апрелчилер Досалы Эсеналиевди ушактап тоголото чаап, ордуна Кененбаевди коюуга дарамети жетишет. Арийне, Досалы Эсеналиевдей болушка Кененбаевге канча, муну апрелчилер билишеби же Атамбаевге ушак ташып жүрүп жан баккандай дагы эле жандарын баккысы келип жатабы? Балким, Кененбаев азыркы президенттин куда-сөөгү экен деген былгытма кептин чындыгы бардыр. Эгер чын эле андай болсо анда Кененбаев президенттик аппараттын башчысы болору чындык.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg