www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча Ош облусу менен Чүй облусунун командасы финалда биринчиликти талашат.

Бүгүн, 20-сентябрда Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданында болгон жарым финалдык беттештерде, Чүй облусунун командасы Талас облусунун көк-бөрүчүлөрүн жеңип, финалга жолдомо алды. Ош облусунун командасы да Бишкек шаарынын командасын жеңип финалга аттанды.

Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Көк-бөрү боюнча 9 команда ат салышууда. Чүчү кулак кармоонун жыйынтыгында бул 9 команда 3 тайпага бөлүнгөн.

Финалдык беттеш эртең, 21-сентябрда болот. Үчүнчү орун үчүн болгон беттеш да эртең болмокчу.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости