www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу Кеңешбек Айтикеев чоң жана кичине иштердин аркасында эмне тургандыгы тууралуу билдирүү жазып чыкты.

“Жакшы иштер да, жаман иштер да, жакшы мамиле да, жаман мамиле да кичинеден башталат. Уурулук бир жумурткадан башталып, ал адатка айланып жалгыз эмес бир эки адамды өзүнө кошуп алып, пайданын пайдасын көрүп, кызыгуу күчөп алар келечекте бир коллективге айланып бүтүндөй бир элдин байлыгын, ар кандай жол менен уурдап жыргал жашоо өткөрөт. Бирөө кармалып, аягында баары кармалып, эл алдында шерменде болуп, баары азапка түшүп кадыр баркы жоголот. Жакшы иштер да, жакшылык жасоо да акырындап ишке ашат. Бир адамга жардам берген, колунан келгенде бир коллективге бир мамлекетке, кийин башка мамлекеттерге жардам бере башташат. Бир адамга жакшылык жасаган көп адамга жакшылыгы тийет. Кичине маселеге баа берип баалай билсе, чоң маселени да баалап чече билет. Кичине маселеге ишеним көрсөтсө, чоң маселеге да ишенимдүү болот. Ал эми кичине маселеге маани бербей ишеним бербесе, чоң маселеге да маани бербейт, ишеним бербейт. Баа бербеген ишеним бербеген адам иштерде ийгиликке жетишпейт. Адамдын тагдырын да, айбандын тагдырын да, элдин тагдырын да чечүүгө жараксыз. Ишеним бербегенге ишеним көрсөтпөө керек. Андайлар бир адамдын ишенимин да аткара албайт. Ошондуктан бардык иш кичинеден башталат деп коюшат эстүү адамдар. Илим алуу бир тамгадан башталат. Эсеп үйрөнүү бирден башталат. Бир үрөндөн өнүп чыгып көп түшүмгө жетишет. Илим акырындап адамдын аң сезимин өстүрсө тарбия акырындап такшалтат. Акылдуу, сезимдүүнү эл акырындап башкартат. Андайларга акырындап ишеним көрсөтөт, ишенимге ээ болгон ийгиликке жеткирет. Ишеним менен жашаган адам максатына жетет. Бакыттын башталышы ишеним. Ишеним болгондон кийин аракет башталып, ой күчүнө кирип бир багытка багытталат. Чаржайыт ойлонгон ой башыңды оорутуп чарчатат. Ошондуктан пайдасыз ойдон арылып, башаламан ойдон арылуу керек. Ар кайсы ойду ойлонуп ар кайсы иштин башын кармасаң жашооң кызыксыз, өмүрүң бактысыз болуп максатыңа жетпей, ойлогон оюң ишке ашпай өтүп кетишиң мүмкүн.

Суу жаратылышынан кристаллдай таза, бирок кээде ичүүгө жарабай булганып калат, ал сууну тазаласаң кайрадан организмге пайда келтирип өмүрдү узартат. Чаташкан чаржайыт ой да булганган суу сыяктуу жашоодо пайдасы жок. Бир гана ой менен бир максатты көздөгөн адам эл ишеничин аткарып, элдин жүгүн көтөрүп тарыхта изи калат. Ишеним менен бардык коркунучтуу оорулардан да айыгып кетсе болот. Бирок биринчи Кудайга, экинчи өзүңө, үчүнчү себепчиге ишенүү керек. Негизгиси Кудайга жана өзүңө ишен. Оюң таза болмоюнча ишиң илгерилеп алга кетпейт. Оюңду оңдосоң пейил оңолот, пейил оңолсо ишиң оңолот. Оюңдун тазалыгы ишиңдин ийгилиги. Ийгиликтер бактылуу тагдырлардын башталышы. Ошондуктан тагдыр ар бир адамдын өзүнүн колунда дейбиз. Ишенимден ийгиликке жеткен тагдыр, бактылуу өмүр болот. Бакытка бир Кудайга болгон ишеним гана жеткирет. Ишеним болгон кезде ой кристаллдай таза суудай тазаланып, бир багытка багытталып чаржайыт, башаламан пайдасыз ойдон арылат. Теңириме болгон ишеним менен адам арууланып тазаланып, бактылуу жашоого багыт алат. Кичинеден чоң иштер башталат. Аз ийгиликтен көп ийгиликтер жаралат. Кыпындан (жылт эткен от) жалын тутанып, чырпыктан чынарга айлангандай аздан көп нерселер жаралат. Болгону ишеним менен аракеттенип, ак ойлоп эмгектенип алга жыла бериш керек. Жалынга айланган жалынды өчүрүү кыйын. Тамырлаган нерсенин тамырын жулуу кыйын. Ишенбеген адамды ишендирүү кыйын. Ишенимге кирбегенди зордоо кыйын. Иштебегенди иштетүү кыйын. Сезимсизге сездирүү кыйын. Үйрөнүүнү каалабаганды каалатуу кыйын. Сүйбөгөндү сүйдүрүү кыйын. Ташбоорго мээрим бере албайсың, баары адамдын өзүнө байланыштуу деген сөздүн мааниси ушунда. Адамдын адамдык сапаты ишинде, ишениминде. Келечек тагдыры өзүндө, ак тилегинде, Теңирге ишенгениңде”,-деп билдирди жазуучу Кеңешбек Айтикеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости