www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектепте ыйман сабагы керекпи? Мындай талкуу учурда социалдык тармактарда күч алды. Жазуучу Кеңешбек Айтикеев, "Демек, энеси акылдуу, эстүү, барктуу, нарктуу болсо, иш билги, сөз билги, тарбия көргөн болсо, кызын да өзүндөй тарбиялайт. Тарбиянын ачкычы, күзгүсү - ыймандуулук. Ыймандуу адам - уяттуу, намыстуу болуп, жаман иштерге барбайт", - дейт.

--"Мектептерге ыйман сабагын киргизүү жөнүндө сөз болуп жаткандан кийин, ыйман сабагы ислам дини менен чектелбей, молдокелер окутпай дүйнөлүк дин илиидеринен тааныштыгы, билими бар , кыргыздын улуттук баалуулуктарынын негизинде даярдалган окуу куралы менен окута турган адистер керек.

Ыйман - ата-энеден алган тарбия-таалимдин жыйындысы, күзгүсү, башкаларга жасаган мамилеси, жүрүш-турушу, сүйлөгөн сөзү, караган көзү аркылуу ички сезимдеги, жан дүйнөсүндөгү жүрөктөн чыккан чын пейили менен берилген мээрими, чыныгы адамдык сапатынын үлгүсү болуп эсептелет. Мээрим ар бир адамдын жүрөгүнөн чыгат. Ал эми ыймандын булагы - мээрим. Ошондуктан чын жүрөктөн чыккан мамиле канчалык даражада ыймандуу экенин көрсөтүп турат. Ыймандуулуктун эң негизги белгиси - сылыктык, жүрөгүнүн актыгы, дилинин тазалыгы жана сезгичтиги болуп эсептелет. Жаштардын ыймандуулугу адамдык сапатынан, жасаган мамилесинен байкалып турат.

Ыймандуулук - пенденин адамгерчилигин, маданиятын, канчалык даражада тарбия алгандыгын, оюнун актыгын, түпкү тегинин кандай экендигин көрсөтүп турат. Көргөн, билген жердин баласы же кызы деп, жасаган ишине, мамилесине, сөзүнө карап баа беришет. «Энесин көрүп кызын ал» деген сөз бар. Демек, энеси акылдуу, эстүү, барктуу, нарктуу болсо, иш билги, сөз билги, тарбия көргөн болсо, кызын да өзүндөй тарбиялайт. Тарбиянын ачкычы, күзгүсү - ыймандуулук. Ыймандуу адам - уяттуу, намыстуу болуп, жаман иштерге барбайт. Өзүн гана эмес, элдин, жердин, урук-туугандын намысын коргоого умтулат. Уятсыз, намыссыз, адепсиз болууга ички туюму, сезими жол бербейт. Ушак айтып, жалган сүйлөп бирөөлөрдү сатпайт. Кара өзгөйлүк, карасанатайлык жүрөгүндө, оюнда жок. Каракчылык жасоого, уурдап-тоноого, бекер тамакка алданып эл байлыгынан жашоого ыйманы жол бербейт. Башкача айтканда, жамандыкты жасатпай турган, жаман жолго барууга жол бербеген ички сезимдеги өзгөчө күч - бул ыймандуулук. Адам баласы алмустактан бери эле теңдикти, акыйкатты, адилет, чындыкты ыйман аркылуу сактап, барктап, даңктап келген. Илгери сот, милиция болгон эмес.

Сот, милиция ар бир адамдын өзүнүн ички сезиминдеги ыйманы болгон. Ыйман күнөө жасоого жол берген эмес. Күнөөсү болбогондон кийин соттун кереги болбогон. Экинчиден ыйманы ар бир адамды терс иштерди аткаруудан сактап турган, б.а. ар бир адамды өзүнүн ыйманы коргогон, ошондуктан милиция болбогон. Ошондой эле ыймандуулар чөпкө да зыян келтирбеген, жаш чырпыкты жаны бар, бул өсүү керек деп, сындырбай как отун, тезек жаккан. Жаратылышка мындай мамиле жасоо ыймандуулуктун, мээримдүүлүктүн жогорку чеги болгон. Ошондуктан атайын токой коргоочу, токойчулар болбогон. Ар бир пенде жаратылышты ыйманы менен коргогон. Ошондуктан жер бетиндеги адамдарды да, жаратылышты, тили жок айбандарды да адамдардын ыйманы сактап калат. Демек, ыйман тарбиясы жашоодо биринчи жолго коюлуш керек экендигин биз жашаган коом, жашоо-турмуш талап кылып жатат. Болгондо да, бул маселе тарбия ишинде биринчи жолго коюлушу керек!", - дейт жазуучу Кеңешбек Айтикеев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости