www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кимде ким өзүнүн жүрөгүнө чындыктын үрөнүн сепсе, ал мээримдүүлүктүн жемишин көрөт. Себеби, үрөнүнө жараша түшүмү болот эмеспи. Билим- сезимиңерди кеңейтсеңер дүйнөлүк илим менен таанышасыңар, дүйнөлүк дин илимдеринин тамыры бир экендигин б.а. баары ааламдан Аян аркылуу берилгенин, максаттары элди жакшылыкка чакырганын сезесиң. Дүйнө элдеринин да тамыры бир экендигин жана бир тамырдан чыккан дарактын бутагындай эл экендигине ишенесиңер. Анда бардык улуттарды бир тууганым деп мээрим төгүп, боорукер болосуң. Дүйнөдөгү бардык адамдарда ой-сезим, акыл-эс, эрк, эске тутуу, көңүл буруу, ж.б. 12(он эки) мүчөсү бирдей, демек, бир атанын эле балдары деп түшүнүшүбүз керек.
Диндин да тамыры бир, максаты - «адамдарды бир Кудайга сыйынууга тарбиялоо». Дүйнөдөгү ар бир адам ушундай ойлонгондо гана динге бөлүнүү, улутка бөлүнүү, карама-каршы ой пайда болуп кан төгүү болбойт. Ал эми жер байлыгы, жер өзү бардыгына тиешелүү. Жер байлыгы жана жер үлүшү ар бир улутка Теңирдин берген насиби, насибиңди терип жегенде үлүшүң урпагыңа калат. Теңирдин мыйзамы ушундай. Ал эми кан төгүү бир же эки адамдын гана бийлик менен байлыкка болгон ачкөздүгүнөн, нысабынын жоктугунан болот. Эч кандай дүйнөнүн бир да жеринде эч себепсиз эле бир күндө жалпы эл көтөрүлүп, башчысы жок аттанбайт. Мындай көрүнүш тарыхта болгон эмес, мындан кийин да болбойт. Ошондуктан элде күнөө жок деп коюшат. Адамдар арамдык иштерди жасаганда мыйзамсыздыктын азабын тартышат, калптын жемишин жегенде ишеничтен кетет.
Жалпы эл бузулганда жер бузулат, Кудайдын каарына калып айыкпас оору каптайт, өрттөнгөн жалындан, капилет селден азап чегишет (дүйнөдөгү болуп жаткан кубулуштар, согуш, оору ж.б. күбө). Бул да аалам мыйзамы. Жалпы элге Кудайды таанытуучу, эс-акылына келтирүүчү Теңиримдин жол-жобосу. Ааламдан азап бергенде адам алсыздыгын сезет (айласы түгөнгөндө).
Ошондуктан адамдар Кудай алдында алсыздыгын сезип, бир Теңирге сыйынып жашоосу керек. Адамдарды алааматтан бир гана Теңирим сактайт, пейилине жараша жашоо берет. Теңирим баскан жолуңа жараша сурак алат, ишиңе жараша азап берип жазалайт. Жамандыкты, азап-тозокту жасаган адамдар, айбандар андай жамандык жасабайт. Качан гана адам ак-караны ажыратып, жамандык, жакшылык алып келбешине көздөрү жеткенде дүйнө эли куралын таштап, ынтымакка биригип кеткенде жер жүзүндө бейпил тынчтык өкүм сүрүп, өмүрлөр узарып, бир эле Теңирге сыйынып бактылуу жашоо башталат. Ал үчүн амдардын аң-сезиминде, ички сезиминде революция башталышы керек. Андай революция - ак ой, ак жүрөк, таза дил болуп эсептелет. Ой оңолгондо дүйнөдө жашоо оңолот. Теңирим аян аркылуу пайгамбарларга берилген илим менен жакшы коомго элди тарбиялайт. Аян - ааламдан берилүүчү илим. Илимдин булагы ааламда, буйругу Теңирде. Теңирим буйрубаса аян берилбейт, ааламдан илим келбейт. Илимсиз тарбия жок, тарбиясыз жашоо жок. Айбан баласын жашоого тарбиялайт. Мисалы, канаттуулар учууга, балыктар сүзүүгө ж.б. Илим да, тарбия да ооздон оозго, атадан балагаберилип уланат, урпактан-урпакка улам жаңыланып, өркүндөп илим берүү чексиз уланат.
Кеңешбек Айтикеев, жазуучу
Булак: NazarNews.kg